КЕСЕК I
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Талкаланган, майдаланган нерсенин чоңураак бөлүкчөсү, бүтүн калган бөлүгү. Алима эже жерге эңкейип кесек алат да, улуган итти кесек менен урат (Абдукаримов). Алмадай кесек калтырбай, Маласын Жайда тарткан бар (Акаев). Алар көмүрдүн кесектерине, тозоңуна көмүлдү да калды (Сасыкбаев). 2. Дубал согуу же башка нерселерди куруу, тургузуу үчүн ылайдан тоголоктолгон топурак. 3. Майда эмес, анча майдаланбаган. Кесек талкан. Кесек кум.